Биз менен байланышуу

Орусияда эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн документтер

1. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ДМС) полиси

Орусияга кирген чет өлкөлүк жарандардын баары медициналык жардам көрсөтүү үчүн камсыздандыруу полисин жол-жоболоштурушу керек.

2. Индивидуалдык энчилүү эсептин камсыздандыруу номери (СНИЛС)

Орусияда эмгек ишмердигин жүргүзүү жана ар кандай мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн чет өлкөлүк жарандар индивидуалдык энчилүү эсептин камсыздандыруу номерин (СНИЛС) жол-жоболоштуруш керек.

3. Госуслуги

Маалым каттарды алуу, арыздарды берүү жана онлайн түрүндө мамлекеттик кызматтарды көрүү үчүн "Госуслуги" порталында катталыңыз.

4. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН)

Эмгек патентин алуу, эмгек келишимин же жарандык-укуктук мүнөздөгү (ГПХ) келишимди түзүү, ошондой эле өзүн-өзү иш менен камсыз кылуучу статусун алуу үчүн ИНН алыңыз.

5. Банктагы эсеп

Аткарылган жумуш үчүн эмгек акысын алуу, тез төлөмдөр системасы боюнча акча которууларды аткаруу, QR-код боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү жана дагы башка көптөгөн акча иштерин кылуу үчүн орусиялык банкта эсеп ачтырыңыз.

6. Орус тилин, Орусиянын мыйзамдарын жана тарыхын билүү

Эгер Орусияга визасыз кирип жатсаңыз, орус тилин, Орусиянын мыйзамдарын жана тарыхын билгениңизди ырасташыңыз керек.

7. Эмгек патенти

Эгер Орусияга визасыз "жумуш" максаты менен кирип жатсаңыз, эмгек патентин алышыңыз керек. Бул документ, Орусияда иштөөгө укук берет.

Башка курстар

Tue Jan 21 2025 20:46:56 GMT+0300 (Moscow Standard Time)