Биз менен байланышуу

Сиз Орусияга келдиңиз

1. Орусияда болуу үчүн керектүү документтер

Өлкөңүздүн жарандары үчүн Орусияга кирүү эрежелери жана анда болуу мөөнөттөрү менен таанышыңыз.

2. Миграциялык карта

Чек арадан өткөндө чет өлкөлүк жарандар миграциялык картаны толтурушу керек. Бул документ убактылуу жашап туруу уруксатын (РВП) жана жашап туруу уруксатын (ВНЖ), ошондой эле иштөө уруксатын же эмгек патентин алууга мүмкүндүк берет.

3. Миграциялык каттоо

Орусияга келгенде сиз мыйзамдуу түрдө жашап, иштеп жатканыңызды ырасташыңыз керек. Ал үчүн миграциялык каттоого туруу жөнүндө билдирмени бериш керек.

4. Жашыл карта

РВП, ВНЖ алуу, эмгек патентин же иштөө уруксатын жол-жоболоштуруу колуңузда жашыл карта болгондо гана мүмкүн. Бул документ сиз медициналык текшерүүдөн өткөнүңүздү, бармак издерин тапшырганыңызды жана ИИМ базасы үчүн сүрөткө түшкөнүңүздү ырастайт.

Башка курстар

Tue Jan 21 2025 20:47:50 GMT+0300 (Moscow Standard Time)